• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нур-Султанда акция катышуучулары президенттин резиденциясына барууга аракет кылышты

17 Бирдин айы 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

17-февралда Нур-Султан полициясы президенттин резиденциясына барууга аракет кылган 60ка жакын адамдын жолун тороп, өткөрбөй койду.

Акция катышуучуларынын арасында акчасын кайтарып ала албай жаткан үлүшчүлөр, ипотекалык карызын төлөй албай калган жана сот адилетсиздигине нааразы болгон жарандар бар. Буга чейин алар өз-өзүнчө акцияларды өткөрүп келишкен.

— Талаптарыбыз ар түрдүү болгону менен биз баарыбыз тең төмөнкү бийлик органдарынан адилеттүүлүк күтүп жатабыз. Биздин маселелер президент Касым-Жомарт Токаевдин кийлигишүүсү менен гана чечилиши мүмкүн, — деп билдирди чогулгандардын бири.

Учурда мамлекет башчы чет өлкөдө иш сапары менен жүргөндүктөн, акция катышуучулары мурдагы президент Нурсултан Назарбаев, анын улуу кызы, парламент сенатынын спикери Дарига Назарбаева жана президенттик администрациянын жетекчиси Ерлан Кошанов менен жолугушууну талап кылып, Акодого барууга аракет кылышты. Бирок полиция кызматкерлери алардын жолун тороп, өткөрбөй коюшту.

Количество просмотров: 101