• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Нур-Султанда Glovo курьерлери нааразычылык акциясына чыгышты

21 Тогуздун айы 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

20-октябрда Нур-Султанда Glovo тамак жеткирүү кызматынын 70тей жумушчусу нааразылыкка чыкты. Алар километражды эсептеген Google картасынын тиркемеси менен иштеген мурунку системаны кайра кайтарууну талап кылышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.

«Мурун Google карта менен иштегенде тапкан кирешебиз башка болгон. Азыр 2GIS-менен иштейбиз – ал үйлөрдүн арасын эсептейт, биз болсо транспорт менен жүрөбүз. Маселен, паркты алсак, ал парк аркылуу өткөн жолду эсептейт, биздин болсо ал жерден унаа менен өтүүгө укугубуз жок да. Жөө жүрө албайбыз, кирешебиз аз болуп жатат», — деди Glovo курьери Ербол Жәкенов.

Курьерлер компания жетекчилигине талаптарын карап чыгууга эки-үч күн убакыт беришти. Талап аткарылбаса, жумуш токтотуларын айтышты. Жумушчулардын нааразылыгын жараткан тиркемеге Glovo компаниясы 2021-жылы октябрда кошулган. Азыр Нур-Султанда карта сынактан өткөрүлүүдө. Кийин башка шаарлардагы курьерлер да ушул тиркемены пайдаланары айтылууда. Компания буга чейин курьерлер Google картасынын ынгайсыздыгына даттанышканын, азыркы тиркеме алда канча жеңил экенин билдирди. Дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүндө кеңселери бар Glovo курьердик компаниясы негизинен google-карталар менен иштейт.

Количество просмотров: 111