• Шаршемби 2 Бештин айы 2020

Нур-Султанда эки активист административдик камакка алынды

29 октября 2020 в 14:51 Бишкек Govori.TV

28-октябрда нурсултандык жарандык активист Аскар Кайырбек 15 суткага, көп балалуу аялдардын көйгөйүн айтып жүргөн Феруза Ордабекова 10 суткага камалды. Алар “мыйзамсыз митингге чакыруу” айыбы боюнча күнөөлүү деп табылды.

Шаршембиде Аскар Каирбектин үйүндө тинтүү жүрүп, аны полиция бөлүмүнө алып кетишкен.

43 жаштагы активист далай ирет нааразылык акцияларына чыгып, казак өкмөтүнөн саясий туткундарды бошотууну талап кылган. Бул үчүн ал бир нече жолу кармалган. Быйыл январда “полициянын талабына баш ийбөө” айыбы менен беш суткага камалган.

Феруза Ордабекова WhatsApp мессенжери аркылуу “уруксат берилбеген митингге чакырууга” айыпталууда.

Ал 23-октябрда “майда бейбаштык” айыбы менен беш суткага административдик камакка алынган.

Буга чейин укук коргоочулар Галым Агелеуов менен Бахытжан Торегожина Алматы акимчилиги аларга 31-октябрда шаардын борбордук бөлүгүндө митинг өткөрүүгө уруксат бергенин билдиришкен. Анда өлкөдө саясий рефомарларды жасоо жана саясий куугунтукту токтотуу талаптары айтылары кабарланган.

Казакстандын башка аймактарындагы активисттер да өз шаарларында митинг өткөрүү өтүнүчү менен жергиликтүү акимчиликтерге кайрылышкан. Бирок уруксат ала албагандыктан, Алматыдагы митингге катышуу ниеттерин билдиришкен.

Казакстандын мыйзамдарына ылайык, жарандар тынч митинг өткөрүү тууралуу алдына ала жергиликтүү бийликке кабар бериши керек. Эгер акимчилик уруксат бербесе, ал митинг «мыйзамсыз” деп эсептелип, катышуучулары административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 102