• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Нур-Султанда Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты курулат

28 Чын куран 202219:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык жана дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата иш-чараларды талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Тараптардын жолугушуусунда Кыргызстандын элчилигинин жаӊы имаратын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү.

Эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 15-октябрында түзүлгөн. Эгемендүүлүк жылдарында 120дан ашык кыргыз-казак мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашуулар түзүлгөн.

Тараптарда 1997-жылдын 8-апрелде “Түбөлүктүү достук жөнүндө” жана 2003-жылдын 25-декабрында “Союздук мамилелер жөнүндө” келишимге кол коюлган.

Количество просмотров: 82