• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Нурайымдын концертине казак ырчысы Биржандын киргизилбей калышы талкуу жаратты

26 Аяк оона 2023 14:15 Бишкек Govori.TV

25-сентябрда Бишкектеги Улуттук Филармонияда ырчы Нурайым Акылбекованын концерти өтүп, ага казак ырчысы Биржан Байболду киргизилбей калышы учурда талкууга алынууда.

Ырчы мырза концертке кирбей калганын тастыктаса, ал эми ырчы кыз бул окуя боюнча үн ката элек.

Бул арада белгилүү ырчы Анжелика соцтармак баракчасы аркылуу болгон окуя тууралуу өз оюн жазган.

«Бул баланы абдан сыйлап калдым. Мен бир тарапты гана угуп, адашып биздин кызга болуша бериптирмин… Биржан, кечирим сураймын. Бир учурда сени мага Нурайым абдан жамандаган, ишенип алыптырмын. Эми мындайга чейин барбай эле коюшса болмок»,-деп жазган.

Белгилей кетсек, ырчы Нурайым Акылбекова менен казак ырчысы Биржан Байбол буга чейин бир катар ырларды чогуу ырдап жүрүшкөн.

Количество просмотров: 43