Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV
2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде кыскартуу да көбөйтүү да болбой. Бул тууралуу министр Нурбек Мурашев билдирди.
Анын айтымында «мекеменин штаты дагы 23 кишиге көбөйдү» деген туура эмес маалымат чыгып кеткен. 2016-жылдагы оптимизациянын негизинде айрым департаменттер Мамлекеттик салык кызматынан өзү жетектеп турган министрликке өткөнүн, ошол кезде кошумча штат ачылганын белгиледи.