Нурбек Токтакунов: Жээнбеков да өзүнө баш ийген партиялары алып келгиси келет
Нурбек Токтакунов: Жээнбеков да өзүнө баш ийген партиялары алып келгиси келет
24 Жетинин айы 2018 13:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.11.2018.Govori.TV.
Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы өтүп жатат. «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» деп аталган курултайдын уюштуруучулары иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.
Анда: Курултайга келген жактоочу Нурбек Токтакунов «Азыркы учурда президенттер алмашып атат. А бирок соттор дагы эле ордунда. Атамбаев сот реформасын жүргүзгөн жок. Ал эми Жээнбеков ошол куралды азыр колдонуп жатат»,-деди.
Атамбаев өзүнө баш ийген партияларды бийликке алып келди. Жээнбеков ошону улантып, 2020-жылы өзүнө баш ийген партияларды бийликке алып келем дейт. Биз буга жол бербешибиз керек деген пикирин жактоочу Нурбек Токтакунов билдирди.
Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партия, 28 коомдук жарандык уюм, 90 ардактуу конок жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышууда.
Мындан сырткары Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.