• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нурдан Орунтаев өзү куруучу болбосо да, курулушту жана куруучуларды даңазалайт

4 Баш оона 202420:59 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев фейзбуктагы баракчасына өзү куруучу болбосо да, курулушту жана куруучуларды даңазалайын деген чоң ниети бар экенин жазды.

«Жакында куруучулардын майрамы болот. Курулушта жүрүп бир нерсени байкадым: канча кызмат жана кесип бар, анын ичинде ,,куруучу,, деген чоң даңазалуу кесиптин бири. Бирок ушул курулуш кесибине арналган бир да монумент же сейил багы жок экен. Ошол себептен куруучуларга арналган жаңы монумент Бишкек шаарында орнотулууда, андан тышкаары куруучуларга арналган сейил бак да салынууда. Кудай буюрса жакында бет ачаары болот, келип көрүп кетиңиздер. Өзүм куруучу болбосом да, курулушту жана куруучуларды даңазалайын деген чоң ниетим бар».-деп жазды.

Количество просмотров: 153