• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Нурлан Мотуев камака алынды (видео)

2 Бештин айы 201714:10 Бишкек Govori.TV

Биринчи Май райондук соту жатак абагында жазасын өтөп жаткан Нурлан Мотуевди күчөтүлгөн режимдеги камака алуу өкүмүн чыгарды.

Ал мурда № 32 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан болсо, эми № 27 түзөтүү колониясына которулду. Себеби Нурлан Мотуев жатак абагында жаза өтөөнүн шарттарын бузган деп билдирет,- Жаза аткаруу кызматы

Нурлан Мотуев Кылмыш жана жаза кодексинин  террорчулука үндөө же терроризмди жактоо, улут аралык, дин аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып,  2016-жылдын 29-августунда жети жылга эркинен ажыратылган.

Бирок сот жазаны жатак абагында өтөсүн деген өкүм чыгарган эле. Эми күчөтүлгөн режимдеги абакта бир жыл отура турган болду.

Мындан мурда интернетте Нурлан Мотуевдин видеосу тарап, ал № 32 түзөтүү колониясынын башчысы Тимур Анаркуловдун дарегине жагымсыз сөздөрдү айтып, аны жекеме-жеке чыгып мушташууга чакырып, мушташты  интернеттен онлайн аркылуу  көргөзүп, реалти-шоу уюштурууну сунуштаган.

Количество просмотров: 45