Акыркы күндөрү эпидемиологиялык абал турукташууда. Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.
Анын айтымында, акыркы жумаларда оорулардын саны азайды.
«Бул маселеде бардыгынын салымы, биринчиден, бүтүндөй калктын эбегейсиз салымы бар, алардын ичинен алдын-алуу чараларын так сактагандарга жана COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөр, ошондой эле, калкка COVID-19 жөнүндө туура маалыматты жайылтып жана жеткирип жаткан дарыгерлердин эмгеги зор»,-деди ал.
Ал белгилегендей, бардык аймактарда ооруга чалдыккандардын көрсөткүчү айкын түрдө төмөндөп жатат жана дарыланып жаткан адамдардын саны күн сайын азайып жатат. Дарыланып жаткандардын жана жаңы катталган учурлардын 99% вакцинаны ала элек адамдар.
«Азырынча вирус толук жеңилди деп айта албайбыз. COVID-19 бул жаңы вирус жана ал дагы кандай өзгөрүлө турганын билбейбиз. Бирок, аны жок кылуу үчүн вакцина алгандан кийин пайда боло турган антитело керек экендиги так айтууга негиз бар»,-деп кошумчалаган Нурматов.