• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

COVID-19 менен ооругандар азайды, бирок сактык эрежелерин так сактоо зарыл

23 Аяк оона 2021 14:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, «Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу маселеси, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери арасындагы вакцинациялоонун жүрүшү талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, коронавирустук инфекция жана пневмония учурларынын саны азайгандыгына карабастан, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо жана эмдөө зарыл.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмалар берилди:

  • Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги дарыкана тармагында жана саламаттыкты сактоо уюмдарында коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын жетиштүү болушуна үзгүлтүксүз негизде көзөмөл жүргүзүүсү;.
  • Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик окуу жайлардын кызматкерлери жана студенттери арасында коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин улантуусу;
  • мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу тобокелдиги жогору саналган кесип ээлери арасында вакцинациялоонун маанилүүлүгү тууралуу маалыматтык иштерди жеринде жүргүзүүсү.
Количество просмотров: 87