• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сасык тумоо менен ооругандардын саны азайды

10 Бирдин айы 20269:35 Бишкек Govori.TV

Өлкө боюнча КРВИ (курч респиратордук вирустук инфекция) жана сасык тумоо менен ооругандардын 12 400 учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч мурдагы жумага салыштырмалуу 11,1%га төмөн.

Ооругандардын жалпы санынын 73,8%ын 14 жашка чейинки балдар түздү.

КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын 12%ы ооруканага жаткырылган.

Министрликтен белгилешкендей, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында оор курч респиратордук инфекциялар жана сасык тумоого окшош оорулар боюнча эпидемиологиялык көзөмөл улантылууда.

Количество просмотров: 91