• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшырды

30 Баш оона 202413:03 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Ыйман-Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазды.

БШКнын маалыматына ылайык, Кадырбеков мандатын өз каалоосу менен тапшыруу боюнча арызды бүгүн, 30-августта жазган.

Эске салсак, 22-августта Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка чакырылган. Ал бул ишти «Ыйман» фондундагы жетекчилик убагындагы отчетторго байланыштуу экенин айткан.

Количество просмотров: 610