• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Нью-Йоркто Жапаров менен Рахмон жолугушту

20 Аяк оона 20239:11 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.

Количество просмотров: 64