• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Оң рулдуу таксилерге тыюуну алып салуу мыйзамы комитетте өтпөй калды

31 Тогуздун айы 2023 12:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-октябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Автомобиль транспорту жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, М.Маматалиев, Н.Кадырбеков, А.Козуев, М.Алиев, Э.Көкулов, С.Атамбаев, М.Абдалиев.

Мыйзам долбоору боюнча депутат Дастан Бекешев маалымат берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору 2030-жылга чейин жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү коммерциялык ташууну ишке ашырган оң рулдуу унаа ээлерине колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан. 

Анын айтымында, 2020-жылдын 1-январынан тарта жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды колдонууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. «Тыюу эрежеси бир катар себептерден улам иш жүзүндө аткарылган жок. Андыктан оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта колдонууга тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу сунушталууда», — деди баяндамачы.

Талкууда депутат Улугбек Ормонов борбор калаада оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарына анализ берүүнү суранды. Ага Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары боюнча статистикалык маалымат жок экенин билдирди. «Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Бишкек шаарында 1776 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 37 адам каза болуп, 2253 адам ар кандай жаракаттарды алышкан», — деди ал. Ошол эле учурда оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктары эң көп шаар аралык жүк ташууда болуп жатканы айтылды.

Депутат Бактыбек Сыдыков оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салуу мыйзамы оор кесепеттерге алып келген жол кырсыктары оң рулдуу унаалардын катышуусунда болуп жатканын эске алуу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

«Мен оң рулдуу унааларга түп тамырынан бери каршымын», — деген депутат кабыл алынган мыйзамдын нормалары эмне үчүн аткарылбай жатканын сурап, бул маселени кароону сунуштады.

Дастан Бекешев мыйзам долбоору оң рулдуу унааларды алып келүүгө эмес, жүргүнчүлөрдү коммерциялык ташууга байланыштуу экендигине көңүл бурду. Депутаттар Тазабек Икрамов менен Гүлшаркан Култаева жол коопсуздугу курч көйгөй экенин белгилешип, мыйзам долбооруна каршы пикирлерин айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору комитет мүчөлөрү тарабынан колдоо тапкан жок.

Количество просмотров: 218