• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Облустук сот Куреновду абакта калтырды

25 Теке 202213:53 Бишкек Govori.TV

Сот активист Тилекмат Күрөңовду (Кудайберген уулу) шарттуу түрдө бошотууну четке какты. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдакматов маалымдады.

Бүгүн, 25-июлда Чүй облустук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун (Куренов) шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу адвокаттын апелляциялык арызын карады.

Эске салсак, 2021-жылдын 20-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин («Шайлоочуларды сатып алуу») 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Количество просмотров: 228