• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Олжобай Шакирдин соту судья кармалып кеткендиктен жылдырылды

8 Теке 2024 12:32 Бишкек Govori.TV

8-июлда Чүй облустук сотунда жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин иши боюнча соттук отурум болобой калды. Бул тууралуу анын жактоочусу «Азаттыкка» билдирди.

Анын жактоочусунун айтымында, Олжобай Шакирдин ишин карай турган соттук коллегиянын бир мүчөсү жакында эле пара алууга шек саналып кармалган. Ушундан улам жазуучунун иши башка судьяга өтүп, соттук жараян белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бүгүн Чүй облустук сотунда жазуучунун адвокаттарынын Аламүдүн райондук сотунун өкүмүнө каршы жазган апелляциялык арызы каралмак.

Буга чейин УКМК Чүй облустук сотунун эки судьясын кармаган, алар Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү”, “Опузалап пара алуу”, “Пара алуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айыпталууда.

Количество просмотров: 817