Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту 15-июлда жарандык активист Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) бөгөт чарасын карап, анын абактагы мөөнөтүн 19-сентябрга чейин узартты.
Атайын кызмат 19-апрелде Куренов Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 19-майга чейин камакка алган.