• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Обсервацияда жаткандарга тамак кандай жасалат? (видео)

20 Бугу 202011:06 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги обсервацияда жайгаштырылган жарандарга күнүгө 3 маал ысык тамак-аш өз убагында берилип жатканын билдирди. Министрлик тараткан видеода тамактар кантип жасалып жатканы көрсөтүлгөн. Анда ашпозчулар суюк кезме, палоо жасап жатат.

Министрлик ошондой эле, меню такай өзгөрүлүп турат деп ишендирди.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/videos/294689118194103/

Белгиле кетсек, обсервацияга алынгандар 14 күндүк карантинди сактайт. Алар эки жума бою медкызматкерлердин көзөмөлүндө болуп, керектүү болгон медициналык текшерүүдөн өтүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин 20-майга карата берген маалыматы боюнча Кыргызстан боюнча обсервацияда 2175 адам жатат.

Количество просмотров: 137