• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Коронавирус: Кыргызстанда дагы 30 жаңы учур катталды

25 Бугу 2020 10:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 25-май саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 30 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Ош облусунда 1 адам;

— Ош шаарында 3 адам;

— Жалал-Абадда 2 адам;

— Баткен облусунда 1 адам;

— Нарын облусунда 5 адам;

— Чүй облусунда 1 адам;

— Бишкек шаарында 9 адам + Санкт-Петербургдан келген 8 адам;

Өлкөдө таажы илдетин жуктургандардын саны 1433гө жетти.

Количество просмотров: 255