Өлкө боюнча обсервацияда 2 миң 90 адам жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 23-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
«Коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 23-майга карата 6 миң 632 адамга жетти. Байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү мүмкүн», — деди министрдин орун басары.