• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

OCCRP: Назарбаев фонддор аркылуу 8 млрд долларга тете активдерди башкарат

20 Үчтүн айы 2022 16:54 Бишкек Govori.TV

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев кайрымдуулук фонддору аркылуу 7,8 миллиард доллар активди көзөмөлдөйт. Бул тууралуу «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» (OCCRP), «Vласть» жана Kloop басылмаларынын биргелешкен иликтөөсүндө айтылат.

Иликтөөнүн авторлору Назарбаев президент болуп турганда ысымдары окшош жана отчеттуулугу ачык-айкын эмес төрт кайрымдуулук фонд түзгөнүн ырасташууда. Кеп «Нурсултан Назарбаев кору», «Назарбаев кору», «Демеу кору», «Елбасы кору» жөнүндө болуп жатат. Бул фонддор ээлик кылган активдерге Казакстан, Кыргызстан жана Орусиядагы банктар, телеканалдар, мейманканалар, соода борборлору, фабрикалар, кампалар, баасы 100 миллион доллардан ашуун турган жеке учак, гольф талаасы, облигациялар жана нак акча кирет.

Формалдуу түрдө Назарбаевдин көп миллиарддаган активдери жок, бирок экс-президент аларды фонддордун негиздөөчүсү катары көзөмөлдөйт деп айтылат иликтөөдө. Назарбаевдин өкүлү иликтөөгө комментарий берүүдөн баш тарткан, үч фонд да журналисттердин суроолоруна жооп кайтарган жок. Фонддордун бири Назарбаев активдерден киреше албай турганын, кордун акчасына биринчи президенттин наамындагы билим берүү мекемелери курулганын билдирди

Количество просмотров: 125