• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ок тийген жоокердин абалы боюнча маалымат берилди

18 Чын куран 202216:14 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда аскерге чакырылган жоокер октон алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда жоокер Балыкчыда ооруканада жатат, абалы жакшы.

«Аскер тапанчаны кармалап жатып, ок чыгарып алган. Ок кокусунан башка аскерге тийген. Окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө, материалдар Балыкчы гарнизонунун аскердик прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Окуя 9-апрелде №20636 аскер бөлүгүндө болгон.

Количество просмотров: 200