• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Октябрь окуясы: Прокурор айыпталуучуларды сот залынан камакка алууну суранды

28 Кулжа 202216:07 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону улантууда. Учурда сот тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Прокурор экс-президент Алмазбек Атамбаевди 12 жылга эркинен ажыратууну күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесүүнү суранды.

Ал эми “Туран” партиясынын лидерлери Жеңиш Молдокматовду, Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын лидери Темирлан Султанбековду, ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду 9 жылга эркинен ажыратууну айтты.

Жана ошондой эле УКМКнын тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери, мурунку президент Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев менен президенттик аппараттын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду жети жылга эркинен ажыратуу, ошондой эле Сагымбаев, Султанбеков жана Асановду сот залында камакка алуу сунушталды.

Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов.

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча баштапкы соттук угуу былтыр октябрь айында башталган. Айыпталуучулар Октябрь окуясы боюнча кылмыш ишинде саясий өңүт бар экенин айтып келишет.

Количество просмотров: 2011