• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Октябрь окуясында жабыркагандар Жээнбеков, Опумбаев, Жунушалиевдерди жоопко тартууну талап кылышты

8 Чын куран 202211:54 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында Октябрь окуяларында жабаркагандар жана алардын жакындары митингге чыгышты.

Чогулгандар ошол кездеги президент Сооробай Жээнбековду, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевди жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жоопко тартылышын талап кылышты.

Ошондой эле, нааразылык акциясына чыккандар дарыланууга муктаж экенин, алган жараатынан улам ишке жарамдуу болбой калганын айтышты.

Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар Бишкекте нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ал башаламандык менен коштолуп, бир адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган.

Количество просмотров: 514