• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Октябрь прокурорунун орун басары УКМКнын абагына киргизилди

22 Жетинин айы 2021 15:33 Бишкек Govori.TV

Пара талап кылуу фактысы менен кармалган Бишкек шаардык Октябрь райондук прокурорунун орун басары А.А.Э. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, соттун 2021-жылы 19-ноябрдагы токтому менен шектүү А.А.Э.ни карата сотко чейин өндүрүш аралыгында, башкача айтканда 2022-жылы 17-январга чейин УКМКнын тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, прокурордун орун басарын кармоо КР УКМКнын Башкы прокуратура менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн.

Прокурордун орун басары А.А.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен 5 миң доллар талап кылган.

Кармоо жана жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан 200 миң сомдон ашык суммадагы опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер алынган.

Количество просмотров: 127