Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Октябрь районунун тургундары менен жолугушууга келген жок. Бул тууралуу «Наше право» коомдук фондунун өкүлү Калича Умуралиева Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, жыйынга вице-мэр Жамалбек Ырсалиев, Октябрь районунун акими Азамат Дороев жана Бишкек шаардык кеңешинин айрым депутаттары катышууда.
Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик башчылары мамлекет башчынын тапшырмасы менен эл менен жолугушууларды өткөрүп турушат. Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жигердүү түрдө аларга келип, көйгөйлөрүн айтууга үндөдү.