12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бүткүл окуу процессине кайра карап чыгуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Анын айтымында, учурда жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды, 38 предметтик стандарт жаңыланды, заманбап окуу пландары жана окуу-методикалык комплекстери иштелип чыгууда.
«Мугалимдер практикага багытталган жаңы технологияларды өздөштүрүүдө. Өзгөчө STEM программаларынын алкагында. Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили сыяктуу сабактарга өзгөчө көңүл бурулууда», — дейт Жусупбекова.
Ал белгилегендей, 2025-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүнгөн. Бардык класстар үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин толук комплектисин басып чыгарууну 2028-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.