• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Окуу жайлардагы жатканалардын шарты жакшыртылат

21 Жетинин айы 2019 16:02 Бишкек Govori.TV

Жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардагы жатканалардын шартын жакшыртуу тууралуу Билим берүү жана илим министринин буйругу чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү жетекчилер бир жумалык мөөнөттө жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканаларындагы жашоо шартты текшерип, 1-декабрга чейин инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча окуу жайдын жатаканаларынын бардык имараттарын капиталдык жана утурумдук оңдоо графиги, жатаканада жашоо коопсуздугун камсыздоо (сакчылыкты, тегерегиндеги чөлкөмдү жарыктандыруу, видео-байкоо камераларын орнотуу, өрт коопсуздугуна тиешелүү жабдууларды жаңыртуу ж.б.у.с.), жатаканалардын окуу жана эс алуу бөлмөлөрүндөгү шартты жакшыртуу, тамак-аш блокторундагы, ванна жана ажатканалардагы санитардык зарыл шарттарды камсыздоо жана жатаканада жашаган студенттер үчүн акысыз WI-FI менен камсыздоо боюнча иш чараларды камтыган план түзүп, бекитиши зарыл.

Заманбап талаптарды эске алуу менен жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын жатаканалары жөнүндө жоболорго инвентаризация жүргүзүлүп, зарыл болсо, төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилиши керек:

— жатаканада жашаган студенттер үчүн медициналык тейлөөнү камсыз кылуу (медициналык пунктту жана медициналык кызматкерлердин көзөмөлгө туруусунун графиги);

— жатаканада окутуучулардын көзөмөлгө туруусунун графигин бекитүү;

— окуу жайдын жатаканаларында жашап жаткан студенттердин маалымат базасын түзүү;

— студенттик кеңештердин тарбиялык жана маданий иш-чараларды уюштуруу жаатындагы иштерин жандандырсын.

Буйруктун негизинде окуу жайларынын жетекчилери жатакана шарттарын жакшыртуу жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу БИМдин Кесиптик билим берүү башкармалыгына маалымат берип турууга милдеттүү жана алардын жоопкерчилиги каралат.

Количество просмотров: 91