• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ак халатчандардын абалын айтып, жетекчи Акматова түз эфирде ыйлап жиберди

3 Теке 202010:54 Бишкек Govori.TV

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова коомчулукта тарап жаткан медкызматкерлерге байланыштуу түрдүү видеолорго түшүндүрмө берип жатып, ыйлап жиберди.

“Ак халатчандар бүгүнкү күндө күнү-түнү тынымсыз иштеп жатат. Техника деген техника да, ал жолдо токтоп, бузулуп калат экен. Анан дарыгерлер бейтапты аман сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшап жатышат”, — деди Акматова.

Көзүнө жаш алган Айнура Акматова кечирим сурап, брифингди улантты.

Буга чейин медицина кызматкерлери бузулуп калган тез жардам унаасын түртүп бараткан видео социалдык түйүндөргө тараган эле.

Количество просмотров: 1590