• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Окуучу кызды сабаган мугалим жумуштан алынбайт

28 Бугу 20229:31 Бишкек Govori.TV

Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалимге эскертүү берилип, жумушка кайтарылды.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдун айтымында, мектеп жетекчилиги кечээ, 26-май күнү, жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим ишин улантаарын билдирди.

26-майда социалдык тармактарда мугалимдин окуучуну сабаганы тууралуу видео тарады. Ал Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинин информатика сабагынан берген мугалими экенин Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Количество просмотров: 658