• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Окуучуга кол көтөргөн мугалимдин кызматтан кетүүсү талкууга алынды

27 Үчтүн айы 2022 14:51 Бишкек Govori.TV

Буга чейин соцтармактарда мугалим менен окуучунун сабак учурунда кармашып жаткан видеосу тараган. Окуя Лебединовкадагы мектепте болгону маалымдалып, ата-энелер нааразы пикрлерин айтып чыгышкан. Көп өтпөй мугалим жумуштан кеткен. Ата-энелердин айтымында, мугалим өз каалоосу менен арыз жазып, жетекчилик анын арызын кабыл алган.

Ал эми айрым маалыматтар боюнча мугалим кол көтөргөн окуучу алгач мугалимди сөккөнү айтылууда. Соцтармактын айрым колдонуучулары мугалимдин жумуштан кеткенине нааразы болуп, министрликке мугалимдин укугун коргоп алуу талабы айтылды.

Билим берүү министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 660