• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Окуучулар астрономия боюнча олимпиадада сыйлыкка ээ болушту

26 Аяк оона 202417:58 Бишкек Govori.TV

«Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын астрономдору OWAO олимпиадасына катышып, атайын сыйлыкка ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

15-сентябрдан 22-сентябрга чейин Россия Федерациясынын «Сириус» федералдык аймагында үчүнчү эл аралык астрономия олимпиадасы өткөн.

Кыргызстандын атынан билим берүүнүн отличниги Александра Шумейконун жетекчилиги астында “Созвездие” астрофизикалык клубунун студенттери Атай Исраилов, Айдеми Бекташова, Егор Рыбянов, Нуртилек Нурбеков, Даана Салиева Ришат уулу Адил катышкан.

Олимпиадага Кыргызстан, Абхазия, Армения, Бангладеш, Беларусь Республикасы, Венесуэла, Египет, Иран, Зимбабве, Катар, Куба, Болгария, Монголия, Никарагуа, Пакистан, Перу, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Эфиопиядан келген окуучулар катышты.

Количество просмотров: 89