• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Окуучулардын каникулунун графиги жарыяланды

17 Баш оона 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, өлкөдө бардык мектептерде 2023-2024-окуу жылы 1-сентябрда башталып, 2024-жылдын 25-майында аяктайт.

2023-2024-окуу жылына мектеп каникулдарынын графиги да бекитилди:
— күзгү каникулдар – 7 календардык күн: 2023-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрына чейин созулуп, сабактар 2023-жылдын 13-ноябрынан башталат;
— кышкы каникулдар — 14 календардык күн: 2024-жылдын 1-январынан 14-январына чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 15-январынан башталат;
— жазгы каникулдар — 11 календардык күн: 2024-жылдын 21-мартынан 31-мартка чейин созулуп, сабактар 2024-жылдын 1-апрелинен башталат.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумага жазгы каникул күндөрү узартылат.

Количество просмотров: 1013