• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Окуучуну сабап салган мугалим жумуштан бошотулду

11 Чын куран 2024 9:06 Бишкек Govori.TV

Жизак облусунун Замин районундагы мектептердин биринде иштеген мугалим 7-класстын окуучусун сабап салганы үчүн жумуштан бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Балдар акыйкатчысы билдирди.

Маалым болгондой, Балдар акыйкатчысына сабалган мектеп окуучусунун апасынан кайрылуу түшкөн. Аял өз кайрылуусунда мугалим 2023-жылы 26-декабрда баласын бетке бир нече жолу чаап, ар кандай орунсуз сөздөр менен кемсинткенин билдирген.

Бул жагдайды Балдар акыйкатчысынын өтүнүчү менен мектеп жана мектепке чейинки билим берүү министри текшерген.

Мектеп директорунун буйругунун негизинде мугалим менен түзүлгөн эмгек келишими токтотулган.

Замин райондук соту мугалимди «Мазактоо» жана «Ден соолукка жеңил залал келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, ага 6,8 миллион сум айып пул салган.

Количество просмотров: 1212