• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Окуучуну ур токмокко алган мугалим өз арызы менен жумуштан кетти

26 Бугу 2022 15:01 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим өз арызы менен жумуштан кетти. Бул тууралуу Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы окуя боюнча билдирүү таратып, мектепте болгон окуя боюнча 25-май күнү Сузак райондук милициясына катталып, алдын ала текшерүү жүргүзүлгөнү айтыган.

“Териштирүүдө окуя 2022-жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусу Д.Хны информатика сабагынан мугалим Сузак районунун тургуну 1987-жылы туулган Э.М. уруп койгондугу аныкталган. Мугалим 23-май күнү 7-класстын окуучусу Д.Х. менен өзүнүн кызы К.А. өз ара сөз талашып, айтышып кеткен учурда, сабакта тынч отуруусун талап кылып эскерткен. Окуучу Д.Х. орой сүйлөгөндүктөн, ачууга алдырып, тарбиялык мааниде уруп жибергенин айткан”, — деп айтылат милиция тараткан маалыматта.

Аталган факты боюнча толук жана объективдүү текшерүү максатында, атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Азыркы мезгилде иштин жагдайы боюнча окуу жайдагы мугалим жана мектеп окуучулары суралып, алдын ала сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 470