• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Окуучуну урган мугалим кайрылуу жасады

26 Бугу 2022 17:43 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тараган видеодо окуучуну ур токмокко алып жаткан мугалим өз арызы менен жумуштан кеткендиги кабарланган.

Эргешпаева Мээримгүл, информатика сабагынын мугалими. Ал өзү соцтармак аркылуу кайрылуу жасап, окуяны бир тараптуу эле жазбастан, эки жакты тең кароону, калыс чечүүнү суранды.

Ошондой эле ал кол көтөрүүгө жеткизген окуучу буга чейин да бир топ эскертүүлөрдү класс жетекчисине бергенин кошумчалады. Ал окуучунун мамилеси түрткү болгондугун айтып, ал класста кызы бар экендигин билдирди.

Количество просмотров: 29963