• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Окуучунун апасы тилдеген мугалим жумуштан кетти

6 Жетинин айы 202416:49 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарындагы № 57 орто мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айнура Сыдыкованы кабыл алып, аталган мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасы катышкан окуянын чоо-жайын укту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда министр мугалимге карата агрессиялык мамиле адеп-ахлактык нормаларга да сыйбай турганын белгилеп, мугалимдин укуктарын тебелөөгө жол бербөө керектигин эскертти.

Ошондой эле Д. Кендирбаева чуулгандуу окуядан кийин жумуштан бошонуп кеткен тарых мугалими менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өз жумушуна кайтып келүүсүнө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Количество просмотров: 2007