• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Окуучусуна «эки» койгон мугалим сабалды

12 Чын куран 2021 14:55 Бишкек Govori.TV

Кашкадарыя облусунун Чиракчин районунда окуучунун туугандары мектеп мугалимин сабап ташташкан. Укук коргоо органдары окуянын келип чыгуу жагдайларын иликтешүүдө.

Маалыматка караганда, англис тил мугалими Шохнур Оккузиев окуучусуна «эки» койгону үчүн аны баланын үч агасы сабап койгон. Мугалим ооруканага жаткырылды. Окуя 6-апрелде болгон.

Кийинчерээк эки алган бала мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарынын уулу, мугалимди сабагандар ушул эле мектепти бүтүрүп кеткен балдар экени белгилүү болду.

Чиракчин райоунун Умакай маалесинин инспектору, ага лейтенант Сардор Ахмедов сабоо фактысы боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталганын айтты:

– Биз экспертиза жүргүздүк, жыйынтыгын күтүп жатабыз. Экспертиза чыккандан кийин күнөөлүү кишилерге тиешелүү чара көрүлөт.

Ур-токмокко кабылган англис тил мугалими Шохнур Оккузиев азыркыга чейин Кашкадарыя облусунун көп профилдүү медициналык борборунун нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда.

Количество просмотров: 317