• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиада-2024: Айаал Лазарев биринчи беттешинде жеңилип калган

9 Баш оона 202415:28 Бишкек Govori.TV

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Айаал Лазарев биринчи беттешинде жеңилип калган. Ал эркин күрөш боюнча турнирде 125 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

1/8 финалдык беттеште Лазарев Азиянын жана Азия оюндарынын учурдагы чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону ирандык Амир Хоссейн Заре менен кез келип, ага 0:5 эсебинде жеңилип калды.

Ирандын балбаны финалга чыкса, анда Лазарев 10-августта коло медаль үчүн мелдешке чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Количество просмотров: 91