• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиада-2024: Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшөт

7 Баш оона 202415:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Акжол Махмудов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты. Анда балбан колумбиялык Алексис Муньоз менен кез келип, 9:0 эсебинде жеңди.

Акжол Махмудов 77 кг салмак ченинде чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен күч сынашып, 3:1 эсебинде утулуп калган.

Ал эми 1/8 финалда америкалык Камал Амир Бэй менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңишти камсыздаган болчу.

Количество просмотров: 80