• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиада-2024: Амантур Исмаилов украиналык балбанга утулуп калды

7 Баш оона 202417:24 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Амантур Исмаилов Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында чейрек финалда утулуп калды.

Ал 7-августта грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, анда 1/8 финалдан баштаган.

Турнирдин биринчи беттешинде кыргызстандык грузиялык Рамаз Зоидзе менен беттешип, 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.

Чейрек финалда Исмаиловдун атаандашы украиналык Парвиз Насибов болду. Беттеш 7:6 эсебинде украиналыктын пайдасына аяктады.

Количество просмотров: 164