• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Олимпиада-2024. Бекзат Алмаз уулу коло үчүн күрөшөт

9 Баш оона 202410:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Париждеги Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшөт.

Бүгүн кыргызстандык балбан 57 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Анда балбан кытайлык Ванхао Жу менен кез келет.

Кыргызстандык спортчу мелдештерин 1/8 финалдан баштаган. Алгачкы беттеште кыргызстандык балбан казакстандык Мейрамбек Картбайды жеңип, андан кийин чейрек финалда америкалык Спенсер Ричард Лиге утулуп калган.

Спенсер Ричард Ли финалга чыккандыгына байланыштуу Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттеште таймашууга мүмкүнчүлүк алган

Количество просмотров: 129