• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

19 Аяк оона 20259:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду.

Нурзат Нуртаева Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы күрөшүн 1/8 финалдан баштап, Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку байге ээси казакстандык Жамиля Бакбергенованы упайдын сапаты боюнча 3:3 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Нурзат Нуртаева америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда Европа чемпиону украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.

Ал эми үчүнчү орун үчүн чечүүчү кармашта кыргызстандык балбан Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси, франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.

Количество просмотров: 133