Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөштө Жоламан Шаршенбековдун атаандашы аныкталды.
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.
Ал 5-августта баштап, Казакстан менен Румыниянын спортчуларын жеңип алды. Жарым финалда курч күрөштө кыргызстандык жапониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калды.
6-августта Шаршенбеков финалдык үчүнчү орун жана коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы ирандык Мехди Мохсеннежад болмокчу.
Финалдык блок Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.