• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиада-2024: Тыныбекова жарым финалга чыкты

9 Баш оона 202416:53 Бишкек Govori.TV

Айсулу Тыныбекова Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 62 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда.

Кыргызстандык кыз 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда Нигериянын спортчусун 5:1 эсебинде жеңип алды.

Чейрек финалда кыргызстандык кыз америкалык Кайла Миракл менен беттешип, жеңишке жетип, жарым финалга өттү.

1/2 финалда Тыныбекова Биляна Дудова (Бугария) — Ирина Коляденко (Украина) жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.

Количество просмотров: 287