• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы эки спортчу Токиого учуп кетти

19 Теке 202117:02 Бишкек Govori.TV

Жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы эки спортчу Токиого учуп кеткенин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, фехтование боюнча Роман Петров, ок атуу спорту боюнча Каныкей Кубанычбекова жана алардын машыктыруучулары Александр Черных, Виктор Суровцев Токиого жөнөп кетишти.

Эскерте кетсек, XXXII жайкы Олимпиада оюндары 23-июлдан 8-августа чейин Токиодо өтөт.

Количество просмотров: 199