Түркиялык аткыч атайын жабдыктары жок эле Олимпиаданын күмүш медалын жеңип, соцтармактын жылдызына айланды.
51 жаштагы Юсуф Дикеч Севвал Тархан менен аралаш жуптар мелдешинде он метрлик пневматикалык тапанчадан атуу боюнча Олимпиаданын күмүш медалын жеңип алды.
Олимпиададагы түрк аткыч социалдык тармактын жылдызына айланды
Спортчу атаандаштарынан айырмаланып, жаркырап кетпеш үчүн атайын көз айнектерди, ызы-чууларды басаңдатуучу наушниктерди да колдонгон эмес. Дикечтин тапанча кармаган, наушниксиз, колу чөнтөгүнө салган сүрөтү социалдык тармактарга тарап, колдонуучулар аны компьютердик оюндардагы жана тасмалардагы каармандарга салыштырышкан.
Юсуф Дикеч түрк жандармериясынын отставкадагы сержанты. 2006-жылы Норвегияда өткөн Аскердик дүйнөлүк чемпионатта 25 метр аралыкка тапанчадан атуу боюнча дүйнөлүк рекорд койгон. 2008-жылдан бери түрк олимпиадалык оюндарга катышып келет. Париждик күмүш анын карьерасындагы биринчиси болгон.