• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Олимпиадага катышкан спортчуларга акчалай сыйлык жана унаа белекке берилет

13 Баш оона 202411:01 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-августта XXXIII жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар Кыргызстанга кайтып келди. Аларды расмий тосуп алуу салтанаты Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтүп жатат.

Олимпиадага жалпы 16 спортчу катышкан. Алардын баарына президенттин атынан акчалай сыйлык жана унаа белекке бериле турганы айтылды. Күмүш жана коло медалга татыган алты спортчуга КИА Моторстун унаалары белекке берилсе, калган катышуучулардын баарына жакында эле Кыргызстанда өндүрүлүп баштаган «Chevrolet» унаалары тапшырылат.

Мындан сырткары акчалай белектер да берилет. Күмүш медаль тагынган Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулуна 10 млн сомдон, коло медалга татыган Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков жана Жоламан Шаршенбековго 7 млн сомдон сыйлык ыйгарылат. Ал эми бардык катышуучуларга буга чейин ар бирине 1 млн сомдон бериле турганы айтылган.

Количество просмотров: 319