• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн башкы ветеринары Калысбек Жумаканов жана бир нече кызматкер кармалды

30 Тогуздун айы 2020 11:38 Бишкек Govori.TV

Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык иштерге шектелип, мекеме башчысы Калысбек Жумаканов жана жетекчилик кызматтагы бир нече киши кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик инспекциядагы коррупциялык схеманы аныкташкан. Анда ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон.

«Аталган инспекциянын айрым кызматкерлери мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн. Тагыраагы, малдын саны көбөйтүлүп жана препараттар кымбатыраак баада көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге башка компаниялардын катышуусуна тоскоолдук кылынган», — деп айтылат билдирүүдө.

Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгына караганда, ири мүйүздүү малга бруцеллезго каршы вакцина алуу боюнча бир гана фактыда мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштеринин алкагында УКМКнын төргөө абагынын убактылуу кармоо жайына инспекция жетекчиси Калысбек Жумаканов, башкармалык жетекчиси, бөлүм башчысы жана лаборатория жетекчиси киргизилгени кошумчаланды.

Количество просмотров: 1210